Октай: «Эмгектенүүлөр тезирээк натыйжаландырылып Түркиянын өз вакцинасына ээ болушу өтө маанилүү»

Фуат Октай атамекендик вакцинанын 3-фазасын изилдөө координатору, профессор доктор Серхат Үнал менен жолугушту.

1625107
Октай: «Эмгектенүүлөр тезирээк натыйжаландырылып Түркиянын өз вакцинасына ээ болушу өтө маанилүү»

Вице-президент Фуат Октай, жаңы түрдөгү коронавируска каршы иштелип чыккан атамекендик вакцинанын Түркияга дагы, башка өлкөлөргө дагы чоң пайда алып келерин айтты.

Фуат Октай атамекендик вакцинанын 3-фазасын изилдөө координатору, профессор, доктор Серхат Үнал менен жолугушту.

Президенттик комплексте өткөрүлгөн жыйында, адамдардын эң кеңири эксперименттерин өткөрө турган фаза-3 баскычын пландоо, иштелип чыккан ыкма, керектүү протоколдун долбоорлору жана көрүлө турган чаралар талкууланды.

Октай жолугушуунун жүрүшүндө, вакцина эмгектенүүлөрүнүн тезирээк натыйжаландырылып Түркиянын өз вакцинасына ээ болушу өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Түркияда гана эмес, көптөгөн өлкөлөргө вакцина керек экендигин белгилеген Октай: «Вакцинага жете албаган олуттуу география бар. Бул аймактар ​​үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот. Түркиядагы жарандарыбыз үчүн дагы башка өлкөлөр үчүн дагы чоң пайда алып келет»,-деди.



Тектеш кабарлар