Афринде кол салууда колдонула турган жарылуучу заттар колго түшүрүлдү

Операцияда кол салуучу экендиги аныкталган сириялык бир киши да кармалды.

1624115
Афринде кол салууда колдонула турган жарылуучу заттар колго түшүрүлдү

Жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнин кол салууларда колдонуу үчүн Афринге жиберген жарылуучу заттар түрк полициясы жүргүзгөн операцияда колго түшүрүлдү.

Хатай губернаторлугунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Коопсуздук боюнча башкы директорлуктун чалгындоо башкармалыгы жана Террор менен күрөшүү мекемеси башкармалыгынын координациясында Сирия кызмат күчү тарабынан жүргүзүлгөн операцияда ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнин калк жыш болгон аймактарда бомбалуу колсалууларды аткаруу үчүн уюмдун көзөмөлүндөгү Тель Рыфаттан жиберген жарылуучу заттар колго түшүрүлдү. Операцияда кол салуучу экендиги аныкталган сириялык бир киши кармалып, бомба жасоодо колдонулган электрондук схемалар, унаа башкаруучу, 4 граната да колго түшүрүлдү.

Маалыматта кармалган шектүү кишинин тергөө иштеринин Хатай губернаторлугунун координациясында жүргүзүлүп жаткандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар