Түркиянын атамекендик вакцинасын иштеп чыгуу акыркы баскычка жетти

Кайсеридеги Эржийес университетинин академиктери Ковид-19га каршы ойлоп тапкан жергиликтүү вакцинаны тезирээк чыгаруу үчүн күнү-түнү иштеп жатышат.

1623585
Түркиянын атамекендик вакцинасын иштеп чыгуу акыркы баскычка жетти

Эржиес университетинде жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан вакцинага талапкердин 2-этабындагы изилдөөлөр да ийгиликтүү аяктады.

Кайсеридеги Эржийес университетинин академиктери Ковид-19га каршы ойлоп тапкан жергиликтүү вакцинаны тезирээк чыгаруу үчүн күнү-түнү иштеп жатышат.

1-фазадагы ийгиликтен кийин, 2-фазадагы изилдөөлөр ийгиликтүү аяктады.

1-фазада 45-ыктыярчыга жана 2-фазада 250 ыктыярчыга жасалган атамекендик жана улуттук вакцинада эч кандай терс таасирлердин болбогондугу белгиленди.

Акыркы 3-фазасын ишке ашыруу боюнча иштер да кылдаттык менен жүргүзүлүп жатат. Дагы кеңири массаны камтый турган 3- фазасы эл аралык масштабда ишке ашырылат жана миңдеген ыктыярчыларга ишке ашырылат.

Эгер бул процесс ийгиликтүү аяктаса, анда Түркия ата мекендик вакцинага ээ болот.



Тектеш кабарлар