Алтун: «Европалык расисттердин жек көрүү отун Исламдын тынчтык билдирүүсү менен өчүрүп таштайлы»

Алтун социалдык медиа эсебинде исламга жана исламдын ыйыктарына каршы расисттик сүйлөөлөр жана аракеттер жөнүндө бөлүштү.

1623462
Алтун: «Европалык расисттердин жек көрүү отун Исламдын тынчтык билдирүүсү менен өчүрүп таштайлы»

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун европалык расисттер эркиндик жана демократия сыяктуу түшүнүктөрдү жамынып алышып мусулмандарга карата зомбулукту тукуруп жатышканын белгилеп, «Келгиле, алар көөрүккө салган жек көрүү отун Исламдын тынчтык билдирүүсү менен өчүрүп таштайлы»,- деп айтты.

Алтун социалдык медиа эсебинде исламга жана исламдын ыйыктарына каршы расисттик сүйлөөлөр жана аракеттер жөнүндө бөлүштү.

Фахреттин Алтун өз бөлүшүүсүндө, «Европалык расисттер «эркиндик» жана «демократия» сыяктуу түшүнүктөрдүн артында жашынып, мусулмандарга каршы зордук-зомбулукту тукуруп жатышат. Алардан мурдагылар дагы жумшактык көрсөтүшкөн эмес. Алар дагы көрсөтүшпөйт. Келгиле, алар көөрүккө салган жек көрүү отун Исламдын тынчтык билдирүүсү менен өчүрүп таштайлы. Куттуу Рамазан!»,- деп айтты.

Билдирүүдө Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган жана Европанын ашкере улутчул саясатчыларынын Исламга, Куранга жана мусулмандарга карата расисттик билдирүүлөрү орун алган видео дагы жарыяланды.

Видеодо ашкере улутчул кыймылдардын Европада күндөн-күнгө күчөп бараткан көйгөй экендиги жана бул идеология расизм, исламофобия, ксенофобия жана антисемитизм менен азыктанып жатканы айтылган.

Европа Биримдиги (ЕБ) боюнча ашынган улутчулдардын популярдуулугун жогорулатуу өтө кооптуу окуя болгонун белгилеген видеодо, көп жылдар бою маргиналдашуудан кийин, жек көрүү сезиминен улам козголгон бул кыймыл көпчүлүк Батыш өлкөлөрүндө негизги агымга айланган.



Тектеш кабарлар