«1915-жылдагы окуялар боюнча эл аралык конференция» өткөрүлөт

Ачылыш сөздөрүн Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Проф.Д-р. Фахреттин Алтун жана Түрк тарых мекемесинин башчысы Проф.Д-р. Бирол Четин жасайт.

1623545
«1915-жылдагы окуялар боюнча эл аралык конференция» өткөрүлөт

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан 1915-жылдагы окуялардын тарыхый өбөлгөлөрүн, укуктук ченемдерин жана алардын бүгүнкү күндөгү чагылышын талкуулоо максатында, 20-апрелде, шейшемби күнү «1915-жылдагы окуялар боюнча эл аралык конференция» өткөрүлөт.

Осмон империясынын бардык улуттары жапа чеккен Биринчи Дүйнөлүк согуш мезгилиндеги бардык окуялардын учурдагы илимий көз караш менен эл аралык укуктун жана тарыхтын негизинде адилеттүү талкууланышы керек деген түшүнүк менен уюштурулган конференцияда маселенин тарыхый, укуктук жана учурдагы көлөмү 3 өзүнчө сессияда талкууланат.

Ачылыш сөздөрүн Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Проф.Д-р. Фахреттин Алтун жана Түрк тарых мекемесинин башчысы Проф.Д-р. Бирол Четин жасай турган конференция Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсептеринен түз эфирде көрсөтүлөт.

Конференцияга Түркия, ошондой эле АКШ, Россия, Германия, Франция, Ирландия сыяктуу өлкөлөрдөн академиктер, изилдөөчүлөр, адистер жана жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрү салым кошот. Мындан тышкары, көптөгөн жогорку деңгээлдеги коноктор конференцияны онлайн режиминде байкап турушат.



Тектеш кабарлар