Түркиянын алгачкы орточо аралыктуу ракета кыймылдаткычы дүйнөлүк рекордго жетти
Түрк инженерлери тарабынан толугу менен жергиликтүү жана ата мекендик мүмкүнчүлүктөр менен долбоорлонгон Түркиянын алгачкы орточо аралыктуу ракета кыймылдатчыкы TEI-TJ300 дүйнөлүк рекордго жетишти.
Түрк инженерлери тарабынан толугу менен жергиликтүү жана ата мекендик мүмкүнчүлүктөр менен долбоорлонгон Түркиянын алгачкы орточо аралыктуу ракета кыймылдатчыкы TEI-TJ300 дүйнөлүк рекордго жетишти.
2017 – жылы ТҮБИТАК, ТУСАШ кыймылдаткыч өнөр жай акционердик коому менен Рокетсан дын кызматташуусу менен чыгарыла баштаган TEI-TJ300 турбоактивдүү кыймылдаткыч долбоору, максат кылынгандан да жогорку жыйынтыктарды көрсөттү.
230 - 250 миллиметрдик класстагы башка атаандаш кыймылдаткычтардын эң мыктысы 250 миллиметрдик диаметри менен эң көп 1250 N деңгээлинде импульс кубатын чыгарган TEI-TJ300 кыймылдаткычы 240 миллиметрдик диаметри менен 1342 N импульс кубатына жетип бул класста дүйнөлүк рекордго жетти.
TEI-TJ300 турбоактивдүү кыймылдаткычынын алгачкы прототип иштетүү аземи өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын катышуусу менен 2020 - жылы июнь айында өткөрүлгөн. Варанк эми TEI-TJ300 жетишкен рекордду соцтармактан билдирди. Маалыматта TEI-TJ300дүн рекордго жеткен сынагынын видеосу да орун алды.
Ракета системаларына ылайыкташуусу үчүн 240 миллиметрлик диаметринде классында импульс кубатын иштеп чыгара ала турган дүйнөдөгү алгачкы кыймылдаткыч болгон TEI-TJ300, 5000 5000 фут бийиктикте үн ылдамдыгынын 90 пайызына чейинки жогорку ылдамдыкта иштей алат.
TEI-TJ300 кыймылдаткычы эч кандай стартер системасына муктаждык болбостон (стартердик мотордун) шамалдын таасири менен баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул өзгөчөлүк платформанын аба, деңиз жана кургактан коргонуу системаларында колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
TEI-TJ300 турбоактивдүү кыймылдаткычын иштеп чыгуу жана квалификациялык сыноолор аяктагандан кийин, массалык түрдө чыгаруу процесси башталат.