Президент Эрдоган Йенс Столтенберг менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Эгей, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Ливия жана Афганистандагы  абалдар менен Россия -   Украина кризиси жана аймактык маселелер талкууланды.

1622852
Президент Эрдоган Йенс Столтенберг менен сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Эгей, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Ливия жана Афганистандагы  абалдар менен Россия -   Украина кризиси жана аймактык маселелер талкууланды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Түркиянын конструктивдүү кадамдары жана чакыруулары менен Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде тынчтыктын ээ болгондугун белгиледи.

Ливияда жаңы өкмөткө коргонуу жана коопсуздук тармагында колдоо берилиши керектигин белгилеген президент Эрдоган Түркия кол койгон келишимдердин негизинде салым кошкондугун билдирди.

Президент Эрдоган НАТОнун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен Афганистанга карата колдоонун улантылышы керектигин белгиледи.

Президент Эрдоган Россия  -  Украина кризисинин Украинанын жеринин бүтүндүгү менен Минск келишимдеринин негизинде диалог жолу аркылуу чечилиши керектигине ишенишкендерин айтты.



Тектеш кабарлар