Министр Сойлу терроризмге каршы күрөш боюнча маалымат берди

Сойлу Твиттерден билдирүү жасады.

1621770
Министр Сойлу терроризмге каршы күрөш боюнча маалымат берди

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Диярбакырда 5 жаран менен 1 жандармды шейит кылган 'кызгылт сары' категориядагы жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү болгон 2 террористтин таасирсиз кылынгандыгын билдирди.

Сойлу Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Шейиттерибиз ишенип коюшсун... Бир-бирден эсеп суралып жатат, суралат! Былтыр Диярбакырда бактарды кыйыштырууга бараткан 5 жараныбыз жана баатыр жандармерия кызматкерибиз Мехмет Челикти шейит кылган эки террорист таасирсиз кылынды. Десанттарыбызга ырахмат», деди.

Ички иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө болсо Эрен-2 шейит жандармерия адиси сержант Мехмет Челик операциясынын алкагында Диярбакырдын Лиже районунун Арыклы кыштагында Диярбакыр Жандармерия Аймактык Командирлигинин башкаруусунда жандармерия атайын бөлүктөрү тарабынан операция жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Операцияда 2020-жылы 8-апрелде Кулп районунун Гүлеч кыштагында 5 карапайым токой кызматкерин өлтүргөн жана 2021-жылдын январь айында ушул эле аймакта жүргүзүлгөн Чагылган-7 операциясында болсо жандармерия адиси сержант Мехмет Челикти шейит кылган 2 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар