Ирактын түндүгүндөгү база аймагына кол салуу болду

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсү жарыяланды.

1621528
Ирактын түндүгүндөгү база аймагына кол салуу болду

Ирактын түндүгүндөгү Башика базасынын аймагына террордук кол салуу болуп бир аскер шейит кетти.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө Башика базасынын аймагынан алынган маалыматка караганда, кечээ түнү снаряд менен кол салуу болгон.

Алар аткан үч снаряддын бири базанын аймагына, экинчиси айылдын ичине түшкөн.

Кол салуудан бир аскер шейит болуп, айылда жашаган бала жаракат алды.

Билдирүүдө ошондой эле аймакка (куралдуу учкучсуз учуучу аппарат) КУУA жөнөтүлгөнү жана токтоосуз керектүү чаралардын көрүлгөнү белгиленди.

«Баатыр шейитибиздин жаткан жери жайлуу болсун. Анын баалуу үй-бүлөсүнө жана Түрк куралдуу күчтөрүнө кайрат айтабыз, аларга сабырдуулук тилейбиз жана жаракат алган балабыздын тезинен айыгып кетишин каалайбыз»,делди.



Тектеш кабарлар