Фуат Октай Экватордук Гвинеянын вице-президенти Теодоро Нгуема Обианг Мангуэ менен жолугушту

Президенттик комплексте өткөн жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүү үчүн эркин соода, инвестицияларды өз ара стимулдаштыруу жана кош салык салуунун алдын алуу боюнча келишимдерге кол коюуга баа берилди.

1622048
Фуат Октай Экватордук Гвинеянын вице-президенти Теодоро Нгуема Обианг Мангуэ менен жолугушту

Вице-президент Фуат Октай борбор шаар Анкарада жүргөн Экватордук Гвинеянын президентинин орун басары Теодоро Нгуема Обианг Мангуэ менен жолугушту.

Президенттик комплексте өткөн жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүү үчүн эркин соода, инвестицияларды өз ара стимулдаштыруу жана кош салык салуунун алдын алуу боюнча келишимдерге кол коюуга баа берилди.

Жолугушуу учурунда, Экватордук Гвинеянын коопсуздук муктаждыктарынын алкагында Түркиядан ар кандай коргонуу өнөр жайы өнүмдөрдү ала ала турганы, өлкөдөгү түрк фирмаларына колдоо көрсөтүү менен эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүмү жана экономикалык кызматташтык жакшыртылышы мүмкүн экени белгиленди.

Экватордук Гвинеянын вице-президенти Мангуэнин Түркияга болгон сапарына ыраазы болгон Октай, өткөн айда Бата шаарында болгон жарылуудан улам адам өмүрү кыйылгандыгы үчүн көңүл айтты.

Октай, Экватордук Гвинеяны өнүктүрүү боюнча пландаштырылган долбоордо, Түркиянын колдоосу жана тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экендигин баса белгилеп, түрк компанияларынын Экватордук Гвинеяда долбоордо орун алышынын эки өлкө үчүн пайдалуу болоорун билдирди.



Тектеш кабарлар