Чавушоглу: «Түркиянын боордош Ооганстанга күчтүү колдоосу уланат»
Мевлүт Чавушоглу Ооганстандагы кырдаалды өзүнүн Twitter баракчасында бөлүштү.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 24-апрелде Стамбулда Ооганстандагы тынчтык жараяны боюнча жогорку деңгээлдеги конференция өтөрүн белгилеп, «Түркиянын боордош Ооганстанга күчтүү колдоосу уланат»,-деди.
Мевлүт Чавушоглу Ооганстандагы кырдаалды өзүнүн Twitter баракчасында бөлүштү.
НАТО Кеңешинин жыйналышына катышкандыгын айткан Чавушоглу: «Бизге Ооганстан боюнча узак мөөнөттүү стратегия керек. 24-апрелде Катар жана Бириккен Улуттар Уюму(БУУ)менен Стамбулда ооган тынчтык процесси боюнча жогорку деңгээлдеги конференция уюштурабыз. Түркиянын боордош Ооганстанга күчтүү колдоосу уланат»,-деп айтты.
Ооганстандагы НАТОнун чечкиндүү колдоо миссиясынын тийиштүү өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кечээ Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында жолугушту.
Министр Чавушоглу жыйынга Түркиянын атынан катышты.