Чавушоглу билдирүү жасады

Чавушоглу бир телеканалдын түз эфиринде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

1621831
Чавушоглу билдирүү жасады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, май айынын башында Түркиядан бир делегациянын чакыруу боюнча Египетке барарын айтты.

Чавушоглу бир телеканалдын түз эфиринде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

Египет менен болгон карым-катнаштар тууралуу Чавушоглу, эки өлкөнүн ортосунда ачылган каналдын тышкы иштер министрликтери аркылуу улантылышы керектиги жөнүндө макулдашылганын айтты.

Чавушоглу: «Египет Түркиядан бир делегацияны чакырды. Май айынын башында делегация Египетке барат»,-деди.

Чавушоглу, делегациянын министрдин орун басарларынын деңгээлинде болоорун, андан кийин египеттик кесиптеши менен жолуга алаарын айтты.

Греция менен мамилелерде акыркы бир нече жылдан бери чыңалуу байкалгандыгына көңүл бурган Чавушоглу, бул көбүнчө Афинанын терс мамилесинен улам болгонун билдирди.

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын бүгүн борбор шаар Анкарага келе тургандыгын эске салган Чавушоглу, эки өлкө ортосундагы диалогдун жана жогорку деңгээлдеги сапарлардын маанилүүлүгүн бас белгиледи.

Эки коңшу өлкөнүн сүйлөшүү үчүн Европа Биримдигине (ЕБ) же башка бир мамлекетке муктаж эместигин айткан Чавушоглу: «Греция менен тил табыша албай жаткан маселелер бар. Биз алар жөнүндө ачык жана чын ыкластан сүйлөшүшүбүз керек. Биз бардык маселелерибизди отуруп талкуулоого даярбыз», деди.

Чавушоглу эки өлкөнүн ортосундагы консультативдик сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталгандыгын жана саясий кеңешүүлөрдүн да өткөрүлгөндүгүн белгилеп, бардык келишпестиктерди кесиптеши менен чын ыкластуу чөйрөдө талкуулоону пландап жатканын билдирди.

Министр Чавушоглу ошондой эле Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлгөн Кипр жыйындары жөнүндө: «Рум тарап тынымсыз бир кадам артка кетип жатат. Эми федерациянын модели жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйбүз. Бул убакытты текке кетирүү болуп саналат. Дагы 20-30 жыл сүйлөшүп отурсак эч кандай жыйынтык болбойт. 53 жыл сүйлөштүк, жыйынтык чыккан жок. Мүмкүн эмес нерсени мажбурлоонун эч кандай мааниси жок», деди.

Чавушоглу Кара деңиздеги чыңалууга байланыштуу билдирүүлөрүндө болсо, Түркиянын Кара деңизиндин тынчтык деңизи болушун каалаганын, бул жерде бардык жээктеш өлкөлөр чогулуп деңиз юрисдикциясын аныктоого макул болгонун айтты.

Учурда Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуунун, Кара деңиздин тынчтык деңизи болушуна көлөкө түшүргөндүгүн билдирген Чавушоглу, Түркиянын бул көйгөйдүн тынчтык жолу менен чечилишин колдогонун баса белгиледи.

Чавушоглу, Түркиянын Орусия жана Украина менен мамилелеринин жакшы экендигин жана ачык саясат жүргүзгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар