Түркия Сириядагы химиялык курал колдонууга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун (OPCW) Тергөө жана аныктоо тобунун Сириядагы химиялык куралдар боюнча 12-апрелдеги кол салуулар боюнча экинчи отчетунан улам жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

1620819
Түркия Сириядагы химиялык курал колдонууга каршылык көрсөттү

Түркия, Сириядагы режим күчтөрүнүн химиялык куралды колдонгонуна каршылык көрсөтүп, кол салууларга жооптуу адамдарды жазасыз калтырбоо чакырыгын кайталады.

Тышкы иштер министрлиги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун (OPCW) Тергөө жана аныктоо тобунун Сириядагы химиялык куралдар боюнча 12-апрелдеги кол салуулар боюнча экинчи отчетунан улам жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Отчетто 2018-жылдын 4-февралында Серакибде болгон хлор газы менен кол салуунун Асад режиминин күчтөрү тарабынан жасалгандыгы белгиленип, «Тергөө жана аныктоо тобу дагы бир химиялык курал менен кол салууда режимдин жоопкерчилигин көрсөттү»,деп жазылган.

Билдирүүдө химиялык куралды колдонуу Химиялык куралдар боюнча конвенцияны одоно бузгандыгы, ошондой эле адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмышы экендиги айтылып, «Ушундан улам, аталган кол салууга күнөөлүүлөр жазасыз калбашы керек деген чакырыгыбызды дагы бир жолу кайталайбыз. Түркия, айрыкча Бириккен Улуттар Уюму жана OPCW баш болгон Сириядагы жоопкерчиликти камсыз кылуу аракеттерин колдону улантат”,делди.

OPCW отчетто Асад режиминин Серакибге абадан кол салуусунда кеминде бир цилиндр бомбасын колдонгонун, бомбанын зарин газын чыгарып, кеңири аймакка таасир эткенин белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар