Кыргызстан менен Түркиянын маданият министрлеринин жолугушуусу болду

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар жана спорт министри Кайрат Иманалиев менен жолугушту.

1620744
Кыргызстан менен Түркиянын маданият министрлеринин жолугушуусу болду
Kültür Bakanı Ersoy Kırgızistan Kültür Bakanı İmanaliyev 2.jpg
Kültür Bakanı Ersoy Kırgızistan Kültür Bakanı İmanaliyev 3.jpg

Кыргызстан Түркия менен кызматташуунун маданий жана көркөм өнөр жаатында өркүндөтүлүшү, айрыкча театр чыгармаларынын эки өлкөдө өз ара сахналаштырылышы боюнча макулдашылды.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар жана спорт министри Кайрат Иманалиев менен жолугушту.

Маданият жана туризм министрлигинде басма сөзгө жабык өткөн жолугушууга Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүрамиев жана кыргыз расмий өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөрдө кыргыз жана түрк драматургдарынын чыгармаларын Түркия жана Кыргызстанда эки тараптуу түрдө сахналаштыруу жаатында кызматташуу боюнча макулдашылып, өлкөлөрдүн маданий жана көркөм баалуулуктары талкууланды.

Түрк Кеңеши менен ТҮРКСОЙ багытында жүргүзүлгөн кызматташтыкты андан ары өркүндөтүү, мындан тышкары, ушул алкакта белгилүү түрк инсандарын Кыргызстанга жайылтуу боюнча бир пикирге келишти.

Эки министр, 2022-жылы Түркияда өтө турган 4- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө маалымат алмашышты.



Тектеш кабарлар