Эрдоган Италиянын премьер-министрине жооп кайтарды

Эрдоган: «Ал өз тарыхынан кабарсыз»

1621396
Эрдоган Италиянын премьер-министрине жооп кайтарды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Италиянын премьер-министри Марио Драгинин айткан сөздөрүн "ойлонбостук, оройлук" деп мүнөздөдү.

Эрдоган "Китепканадагы маектешүүлөр" аттуу иш-чаранын алкагында Улуттук китепканада жаштардын суроолоруна жооп берип жатып, Италиянын премьер-министринин ага "диктатор" дегенине байланыштуу : «Ал өз тарыхынан кабарсыз» деп сереп салды.

Италиянын премьер-министри тарабынан айтылган сөздүн толугу менен оройлук болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Түркия-Италия карым-катнаштарынын жакшы болоорун ойлоп жаткан маалда бул Драги деген адам ушул билдирүүсү менен ортобуздагы мамилелерге тилекке каршы балта чапты. Ансыз деле сен шайланган эмес дайындалып келген адамсың. Таййип Эрдоганга мындай сөздөрдү айта алууң үчүн тарыхыңды билишиң керек, бирок кабарың жок экенин көрдүк», деп айтты.



Тектеш кабарлар