Акар: «Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуу тез арада токтотулушун жактайбыз»
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Акар видео телекөпүрө аркылуу Күчтөрдүн командирликтери жана аймактык бөлүк командирлери менен жолугушууларды өткөрдү.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну тез арада токтотууну жактай тургандарын айтты.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Акар видео телекөпүрө аркылуу Күчтөрдүн командирликтери жана аймактык бөлүк командирлери менен жолугушууларды өткөрдү.
Акар, жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө, Украинада болгон окуяларды тыкыр байкагандыгын белгилеп, Киев Түркиянын стратегиялык өнөктөшү экендигин баса белгиледи.
Украин элинин коопсуздугу, тынчтыкта жашоосу, аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу Түркия катары билдирүү жасагандыгын эске салган Акар: «Биз Крымдын басып алынышын тааныбайбыз деп айттык. Биз ал жакта Крым татарларынын бар экендиги жана анын келечеги менен тыгыз тынчсызданабыз деп айттык. Биз ар дайым айткандай, эл аралык укуктун чегинде, аймактык бүтүндүктү сактоо менен, тынчтык жолу менен , биз Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну тезирээк токтотууну жактайбыз. Ошондуктан Түркия катары эки тарапты тең чакырабыз, сүйлөшүүлөр, диалогдор жүргүзүлүп, бул иштин тынчтык жолу менен чечилүүсү темасында ар тараптуу колдоону көрсөтөбүз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.