Түркияда Covid-19: Пандемияга каршы күрөштө жаңы чаралар

Президент Режеп Таййип Эрдоган кабинет жыйынында кабыл алынган жаңы чечимдерди жарыялады.

1620610
Түркияда Covid-19: Пандемияга каршы күрөштө жаңы чаралар

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 273 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 34 миң 455 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 306 миң 563 тест жасалып, 2 миң 723 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 59 миң 187 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 52 миң 104 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 3 миллион 424 миң 733кө жогорулады.

Ал арада президент Режеп Таййип Эрдоган, пандемияга каршы күрөшүү жаатында кабинет жыйынында кабыл алынган жаңы чечимдерди жарыялады.

Эрдоган, 15 күндүк жарым-жартылай карантиндин алкагында; дем алыш күндөрү толук ал эми иш күндөрү (жергиликтүү убакыт боюнча) саат 19.00дөн 05.00гө чейин коменданттык саат киргизиле тургандыгын, ушул сааттардын аралыгында милдеттүү жагдайлардан тышкары шаарлар аралык саякаттарга тыюу салынгандыгын, коомдук мекемелерде жайылтыла турган ийкемдүү иш убактысы жеке сектордо дагы ишке ашырыла тургандыгын, билим берүүнүн болсо ар кандай экзамендерге даярданып жаткан класстар менен мектепке чейинкилерден тышкары дистанттык түрдө улантыла тургандыгын, ресторандар ж.б.у.с. жерлер пакет кызматын гана көрсөтөрүн, жабык аянттардагы жамааттык иш-чаралардын (бир айга) жылдырылгандыгын билдирди.

Президент Эрдоган: «Эгерде биз эки жумалык мөөнөттө көрсөткүчтөрдү жакшырта албасак, анда катуу чаралар көрүлүшү мүмкүн», деп эскертти.



Тектеш кабарлар