Кыргызстан менен Түркия медиа,коммуникация жана маданият жаатында кызматташтыгын күчтөндүрөт

Президенттик аппараттын Коммуникация башкармалыгынын башчылыгында болуп өткөн жыйналышта, медиа, коммуникация, маданият жана  коомдук дипломатия жаатында Түркия менен Кыргызстандын карым-катнаштарын өркүндөтүү кадамдары талкууланды.

1620578
Кыргызстан менен Түркия медиа,коммуникация жана маданият жаатында кызматташтыгын күчтөндүрөт

Президенттик аппараттын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен жолугушту.

Президенттик аппараттын Коммуникация башкармалыгынын башчылыгында болуп өткөн жыйналышта, медиа, коммуникация, маданият жана  коомдук дипломатия жаатында Түркия менен Кыргызстандын карым-катнаштарын өркүндөтүү кадамдары талкууланды.

Алтун, жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө, президент Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде Түркия ар дайым Кыргызстанды колдогонун белгилеп, медиа жана маалымат жаатындагы кызматташтыгын тереңдетүү жана бекемдөөнү каалагандарын айтты.

Жалпы маданий баалуулуктарды жана байлыктарды бүткүл дүйнөгө такыраак жана көбүрөөк түшүндүрүп, маанилүү ийгиликтерге жетише ала тургандыктарын белгилеген Алтун: «Өлкөлөрүбүзгө каршы кара үгүт жана дезинформация менен дагы күчтүү күрөшө алабыз. ФЕТӨ (Фетуллахчы террордук уюм) менен күрөшүүнү биз өтө маанилүү деп эсептейбиз. ФЕТӨ түрк-кыргыз мамилелерин бузууга багытталган дезинформацияны жүргүзүүдө. Бул караңгы (жашыруун) террордук уюм менен күрөшүү боюнча бир тууган кыргыз боордошторубузду колдообузду улантабыз»,-деп айтты.

Ошондой эле, мейман министр Иманалиев, Кыргызстандын көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп тааныган өлкө Түркия болгонун айтып, ар дайым Түркиянын колдоосун сезип турушканын айтты.

Иманалиев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы Түркияга тезирээк келип, президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуу ниети бар экенин билдирип: «Түркиядагы бир туугандарыбызды Кыргызстанда көргөндө аябай кубанабыз»- деди.

Жалпыга маалымдоо каражаттары, кинолордогу жана сериалдардагы кызматташтыктын бекемделишинин маанисин баса белгилеген Иманалиев, медиа, маданият, социалдык медиа жана ФЕТӨ менен күрөшүү маселелеринде Түркия менен иштешүүгө даяр экендиктерин билдирди.



Тектеш кабарлар