Эрдоган менен Дибейбе биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Президент Эрдоган расмий иш сапары менен Анкарага келген Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

1619892
Эрдоган менен Дибейбе биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Президент Режеп Тайип Эрдоган: «Биз Ливия менен деңиз юрисдикциясы боюнча кол койгон өз ара түшүнүшүү меморандуму эки өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын жана келечегин камсыздады»,-деди.

Президент Эрдоган расмий иш сапары менен Анкарага келген Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, «Ливиянын эгемендүүлүгүнүн, аймактык бүтүндүгүнүн жана саясий биримдигинин корголушу, Ливия элинин жыргалчылыгы биздин башкы максатыбыз»,-деп айткан Эрдоган: «Биздин Ливияга берген жардамыбыз Триполинин кулашынын алдын алып, жаңы кыргындардын алдын алып, ок атышууну токтотту»,-деп айтты.

(2019-жылдын декабрында) Ливия менен деңиз юрисдикциясы боюнча кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум  «эки өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын жана келечегин кепилдегенин» белгилеген Президент: «Биз тынчтык, бейпилдик жана бакубатчылык өкүм сүргөн Ливия үчүн биргелешкен аракеттерибизди улантабыз» ,-деди.

Эрдоган, мындан ары Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн (Ливия) бийлигинин жана эгемендигинин бүткүл өлкөгө жайылышын камсыз кылуу, анын биринчи кезектеги милдети болорун баса белгилеп: «Түркия (Ливия) Улуттук Биримдик Өкмөтүнө карай мыйзамдуу өкмөт катары ар тараптуу колдоо көрсөтө берет»,-деди.

«Ливияда ливиялыктарга каршы легитимсиз актёрлорду колдоо менен жеңилдиктерди алуу мезгили аяктайт деп үмүттөнөм»,-деп айткан Эрдоган ошондой эле эл аралык коомчулукту шайлоону белгиленген күнү (24-декабрда) өткөрүү үчүн Ливияны колдоого чакырды.

Президент Эрдоган, конок премьер-министр Дибейбе менен Түркиянын жеке секторунун Ливияга кайтып келишин тездетүү кадамдары боюнча бир пикирге ээ болушкандарын жана Ливияга 150 миң доза жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) вакцинасын бүгүн жеткире тургандарын айтты.

Ливиянын премьер-министри Дибейбе болсо, «Түркиянын Ливияда ок атууну туруктуу токтотуу үчүн колдоосуна ыраазыбыз»,-деп айтты.

Эки тараптуу карым-катнаштардын эки мамлекеттин тең кызыкчылыгында өнүгүшүн каалай тургандыктарын баса белгилеген Дибейбе: «Түрк боордошторубуз менен болгон мамилебиздин үлгүлүү деңгээлге чыгышын каалайбыз»,-деп айтты.

Ал арада президент Эрдоган менен Ливиянын премьер-министри Дибейбенин карамагында эки өлкөнүн ортосунда 5 келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар