Тышкы иштер министри афган тышкы иштер министри менен сүйлөшштү

Түркия Афганистанда тынчтык процесси үчүн БУУнун жана Катар менен бирдей учурда афган тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

1619592
Тышкы иштер министри афган тышкы иштер министри менен сүйлөшштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Афганистандын тышкы иштер министри Ханиф Атмар менен сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда эки тышкы иштер министри кечээ телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүдө Стамбул конференциясына байланыштуу абалдар талкууланды.

Түркия Афганистанда тынчтык процесси үчүн БУУнун жана Катар менен бирдей учурда афган тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы жыйын үчүн катышуучу өлкөлөр, өкүлдөрдүн деңгээли жана катышуу тартиби тууралуу иштеп жана маселелер боюнча тийиштүү тараптар менен кеңешүүдө.

Тышкы иштер министр Чавушоглу афган жана катарлык кесиптештери менен бирге тийиштүү тарап өлкөлөрдүн жетекчилери менен да телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Дипломатиялык булактар афган тарабы менен сүйлөшүүлөрдүн тактык ичинде жүргүзүлгөндүгүн, Түркиянын эки тараптын тең ишенимине ээ болушунун маанилүү бир мүмкүнчүлүк экенине көңүл бурушууда.



Тектеш кабарлар