Эмине Эрдоган Умман султанынын жубайына кат жиберди

Катты Түркиянын Мускаттагы элчиси Айше Сөзен Улуер тапшырды.

1619527
Эмине Эрдоган Умман султанынын жубайына кат жиберди

 Президент Р. Т. Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Умман султаны Хейсем Бин Тарыктын жубайына кат жазды.

Түркиянын Мускаттагы элчиси Айше Сөзен Улуер Эмине Эрдогандын катын Умман султаны Хейсем бин Тарык бин Теймур Ал Саиддин жубайы Саййида Ахад Бинт Абдуллах бин Хамад Ал Бусаидиге тапшырды.

Элчи Улуер твиттерден берген билдирүүсүндө : «Урматтуу Хан айым  Эмине Эрдогандын катын Умман султанынын жубайы Саййида  Ахад Бинт Абдуллах бин Хамад Ал Бусаидиге тапшыруудан жана өзү менен жолугушуудан сыймыктандым»,- деп билдирди.

Кат тапшырылган жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы тектүү боордоштук карым  - катнаштардын негизинде билим берүү, маданият жана башка тармактарда кызматташуу темалары каралды. Умман басма сөзүндө кат тууралуу кенен орун берилди.



Тектеш кабарлар