Египеттен президент Эрдоганга мактоолор айтылды
Египеттин премьер - министри Мустафа Медбули президент Р. Т. Эрдоганга Түркиянын Д - 8дердин кезектешкен башкаруучулугундагы аракеттеринен улам ыракмат айтты.
Египеттин премьер - министри Мустафа Медбули президент Р. Т. Эрдоганга Түркиянын Д - 8дердин кезектешкен башкаруучулугундагы аракеттеринен улам ыракмат айтты.
Египеттин премьер - министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда онлайн режиминде өткөрүлгөн Өнүккөн сегиздер (Д – 8) уюмунун 10 - саммитине катышкан премьер - министр Медбули президент Абдулфеттах ес - Сисинин атынан сөз сүйлөдү.
Медбули өлкөсүнүн жалпы кызыкчылык жана максаттарга жетүү үчүн Д - 8 уюмунун ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө маани бергендигин белгиледи. Египеттин премьер - министри : «Урматтуу президент Эрдоганга өлкөсүнүн Д - 8дердин кезектешкен башкаруучулугунда ортого салган аракеттеринен улам ыракмат айтамын»,- деди.
Бангладештин жетекчилигинде жана президент Р. Т. Эрдогандын да катышуусу менен онлайн режимде өткөрүлгөн Д - 8 уюмунун 10 - саамитине «2020 - 2030 Д - 8дердин он жылдык жол картасы» кабыл алынып жана саммитке байланыштуу билдирүү жарыяланган.
Түркия, Бангаладеш, Египет, Индонезия, Иран, Малайзия, Нигерия жана Пакистандан турган Д - 8 он жылдык жол катрасы менен уюмду дагы күчтүү жана өнүккөн абалга алып келүүнү максат кылууда.