Сириядагы «Зайтун бутагы» аймагында террордук кол салуу болду
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен (УКМ) маалымат берилди.
1616859
Сирияда «Зайтун бутагы» операция аймагындагы террордук кол салууда 2 аскер шейит болду.
Улуттук коргоо министрлигинен (УКМ) берилген билдирүүдө:«ПКК / ЙПГ террордук уюмунун «Зайтун бутагы» операция аймагындагы кол салуусунан эки куралчан жолдошубуз шейит болду»,делди.
Аймакта аныкталган буталардын аткылоого алынгандыгын белгилеген Улуттук коргоо министрлиги, 3 террористтин тең жок кылынгандыгын билдирди.
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 2018-жылдын январь-март айларында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» операциясы менен аймак терроризмден куткарылган.