Эрдоган D-8 Уюмунун 10-Саммит жыйналышына катышат

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүндө, саммит жыйыны менен 2017-жылдын 20-октябрынан бери Түркия тарабынан кабыл алынган D-8дин кезектеги төрагалыгы  Бангладешке өткөрүлүп бериле турганы белгиленди.

1616860
Эрдоган D-8 Уюмунун 10-Саммит жыйналышына катышат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бангладештин кожоюндугунда бүгүн онлайн режиминде өтө турган Өнүгүп келе жаткан Сегиз Өлкө (D-8) Уюмунун 10-Саммит жыйналышына катышат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүндө, саммит жыйыны менен 2017-жылдын 20-октябрынан бери Түркия тарабынан кабыл алынган D-8дин кезектеги төрагалыгы  Бангладешке өткөрүлүп бериле турганы белгиленди.

«Трансформациялык дүйнө үчүн кызматташтык: Жаштардын жана технологиянын күчүнөн пайдалануу» темасы менен өткөрүлө турган саммитке, мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары менен катар атайын конок катары чакырылган  Ислам кызматташтык банкынын төрагасы да катыша турганы билдирилди.

Саммитте D-8 күн тартибиндеги соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланып, учурдагы аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Жолугушуу коронавируска каршы күрөшүүдө координациядан тышкары, уюмдун ичиндеги ар кандай тармактардагы кызматташтык иш-аракеттерин тездетүү, келечекке болгон көз-карашты ачуу жана ушул максатта жол картасын түзүү максатын көздөйт.

Саммиттин аягында Дакка декларациясы жана D-8 10 жылдык жол картасы деген эки документ кабыл алынат деп болжолдонууда.



Тектеш кабарлар