Эрдоган D-8 өлкөлөрүнө Ислам Мегабанкын түптөө боюнча чакырык таштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган D-8 уюмунун 10-саммитине түз байланыш аркылуу катышты.

1617282
Эрдоган D-8 өлкөлөрүнө Ислам Мегабанкын түптөө боюнча чакырык таштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ислам Мегабанкы идеясынын ислам каржы институттарынын ликвиддүүлүк муктаждыктарын жана мусулман чөлкөмүнүн өсүп жаткан инфраструктуралык каржылоо муктаждыктарын канааттандыруу үчүн мүмкүн экендигин айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган D-8 уюмунун 10-саммитине түз байланыш аркылуу катышты.

Ушул саммит жолугушуусу менен 4 жылдык мөөнөткө төрагалык кылууну Бангладешке өткөрүп берише тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Катчылыгы Стамбулда жайгашкан биздин уюм, түзүлгөндөн бери чейрек кылым ичинде күчтөнүп, өз жолун улантты»,-деди.

Акыркы жылы дүйнөнү каптаган жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүнө жана зарылдыгына көңүл бургандыгын баса белгилеген Эрдоган: «Биз Түркия катары адамга сыноолорун жасаган атамекендик вакцинаны «эч ким артта калбасын» принциби менен жалпы адамзаттын пайдалануусу үчүн сунуштайбыз»,-деп айтты.

Түркия D-8 өлкөлөрүнүн арасында сооданы жеңилдетүү үчүн стратегиялык документти даярдап тиешелүү өлкөлөргө жибергенин айткан Эрдоган: «Биз Ислам Мегабанкы идеясын онлайн платформанын негизинде ишке ашырууга болот деп эсептейбиз, ал бир эле мезгилде исламдык каржы институттарынын ликвиддүүлүк муктаждыктарын жана мусулман чөлкөмүнүн инфраструктуралык каржылоо муктаждыктарын канааттандырат»,-деди.

Эрдоган:«Өлкөлөрүбүздү валютага байланыштуу тобокелдиктерден коргоо үчүн, жергиликтүү акча менен соодалашууга көңүл буруу зарыл. Бул жагынан алганда, D-8 клиринг банкы үчүн ушул багыттагы ишин тездетүү пайдалуу деп эсептейм»,-деп баасын берди.



Тектеш кабарлар