Чавушоглу протоколдук талкууларга байланыштуу суроолорго жооп берди

Чавушоглу борбор калаа Анкарада Кувейттин тышкы иштер министри менен биргеликте маалымат жыйын өткөрдү.

1617226
Чавушоглу протоколдук талкууларга байланыштуу суроолорго жооп берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа Биримдигинин (ЕБ) өкүлдөрүнүн Түркияга сапарында аткарылган протоколдо ЕБ тараптын талаптарынын канааттандырылганын айтты.

Чавушоглу борбор калаа Анкарада Кувейттин тышкы иштер министри жана Кабинет иштери боюнча мамлекеттик министри Шейх Ахмед Насыр Мухаммед эс-Сабах менен биргеликте маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу, Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин 6-апрелдеги Түркияга сапары жана протоколдук талкууларга байланыштуу суроолорго жооп берди.

Түркиянын биринчи жолу конокторун тосуп албагандыгын белгилеген Чавушоглу, Түркияда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө ишке ашкан протоколдун эл аралык протоколдун эрежелери жана Түрк меймандостугунун алкагында аткарылганын баса белгиледи.

Түркияга карата адилетсиз сөздөр айтылып жатканын белгилеген Чавушоглу: «Ар бир иш сапардын алдында протоколчулар чогулуп, уюштуруу боюнча талкууларды өткөрүшөт. Протоколдо ЕБ тараптын талаптары аткарылды. Мындай отуруу тартиби ЕБ тарабынын сунуштары боюнча уюштурулган»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар