Чавушоглу кувейттик кесиптеши менен жолугушту

Түркия-Кувейт кызматташтыгы үчүн биргелешкен комитеттин жыйынына катышкан эки министр андан соң биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1617343
Чавушоглу кувейттик кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кувейт менен аймактык маселелерде бирдиктүү пикирде болгондоруна ыраазы экендигин айтты.

Чавушоглу борбор шаар Анкарага келген Кувейттин тышкы иштер министри жана Кабинет иштери боюнча жооптуу мамлекеттик министр Ахмед Насыр Мухаммед эс-Сабах менен бетме-бет жолугушуу өткөрдү.

Түркия-Кувейт кызматташтыгы үчүн биргелешкен комитеттин жыйынына катышкан эки министр андан соң биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Кесиптеши менен эки өлкөнүн карым-катнаштарын жана аймактык маселелерди талкуулагандарын белгилеген Чавушоглу: «Аймактык маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келгенибизге кубанычтамын. Эки өлкөнүн тең аймактагы максаты тынчтык, туруктуулук, тынчтык жана экономикалык өнүгүү»,-деди.

Чавушоглу, Кувейттин аймактык маселелерди жөнгө салган ортомчулук ролунун мактоого арзырлык экендигин белгилеп, Түркиянын Кувейттин бул маанилүү ролун колдоону уланта берерин айтты.

Кувейттик министр болсо, Түркия менен Кувейттин ортосундагы мамилелердин ар тараптуу экенин жана өз ара сапарлардын улана турганын белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүүнү каалагандыктарын баса белгиледи.

эс-Сабах Перс булуңундагы кризисти чечүү темасында дос Түркияга жана бардык өлкөлөргө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар