Конияда аскердик учак кырсыкка учурады
Кырсыкта учактын учкучу шейит болду.
Конияда аскердик учак машыгуу учурунда кырсыкка учурап бир учкуч шейит болду. Улуттук коргоо министрлиги : «Конияда машыгуу учурунда кырсыкка учураган учак аба күчтөрүнө таандык NF-5 учагыбыздын учкучу шейит болду»,- деп билдирилди.
Аймакка көп сандаган медицина кызматкерлери менен өрт өчүргүч тобу жиберилип, жандармерия топтору да аймакта коопсуздук чараларын көрүштү.
Бул тууралуу керектүү иликтөөнүн баштатылгандыгы белгиленген маалыматта : "Каарман учкучубуз үчүн кайгылуу .й - бүлөсүнө, түрк куралдуу күчтөрүнө жана түрк калкына көңүл айтабы",- билдирилди.
Президент Р. Т. Эрдоган да социалдык медиадан берген билдирүүсүндө Конияда аскердик учактын кырсыкка учурагандыгын жана учкучунун шейит болгондугун белгиледи. Эрдоган : "Шейтитиздин үй - бүлөсүнө, жакындарына, түрк куралдуу күчтөрүнө жана элибизге көңүл айтамын",- деди.