Чавушоглу D-8 Саммитинин Тышкы иштер министрлеринин жыйынынын ачылыш сөзүн сүйлөдү

Чавушоглу, Бангладештин кожоюндугунда өткөрүлгөн D-8 Саммитинин 10-жыйынынын алкагында D-8дин Тышкы иштер министрлеринин жыйынынын ачылыш сөзүн сүйлөдү.

1616807
Чавушоглу D-8 Саммитинин Тышкы иштер министрлеринин жыйынынын ачылыш сөзүн сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүүдө 157 өлкөгө жана 12 эл аралык уюмга жардам бергендигин  билдирди.

Чавушоглу, Бангладештин кожоюндугунда өткөрүлгөн D-8 Саммитинин 10-жыйынынын алкагында D-8дин Тышкы иштер министрлеринин жыйынынын ачылыш сөзүн сүйлөдү.

Ковид-19 эпидемиясы башталганда көп тараптуулуктун жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрүшкөндөрүн баса белгилеген Чавушоглу: «Түркия катары биз башынан бери Ковид-19 менен күрөшүүдө тилектештиктин жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледик. Биз 157 мамлекетке жана 12 эл аралык уюмдарга  жардам көрсөттүк. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ), Дүйнөлүк Банк жана Чоң жыйырмалыктын эң жакыр өлкөлөр үчүн карыздарды кийинкиге жылдыруу демилгелерин колдодук»,-деди.

D-8дин чоң экономикалык потенциалын ачуу аракеттери өздөрүнүн колунда экендигин баса белгилеген Чавушоглу, Саммитте кабыл алына турган 10 жылдык Жол картасы жана Дакка декларациясы сыяктуу документтердин уюмга жаңы дем бергенин баса белгиледи.

D-8 артыкчылыктуу соода келишиминин (D-8 PTA) D-8 алкагындагы соода-экономикалык кызматташтыктын негизин түзөрүн белгилеген Чавушоглу, бардык мүчөлөрдү ушул келишимди күчүнө киргизүүгө чакырды.

Туризмдин пандемиядан эң көп жабыркаган секторлорунун бири болгонуна көңүл бурган Чавушоглу, Түркия катары коопсуз туризм концептин ишке ашыра тургандарын жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), ошондой эле Дүйнөлүк Туризм уюмунун көрсөтмөлөрүнө дал келе тургандай түрдө эс алуучу жайларды кайрадан туризмге ача тургандарын белгилеп өттү.

Чавушоглу, бул жааттагы Түркиянын жакшы тажрыйба мисалдарын D-8 өлкөлөрү менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.

Эртеңки Саммит менен кезектеги төрагалыкты Бангладешке тапшыра тургандарын билдирген Чавушоглу, Бангладешке Түркиянын жасаган эмгектерин алдыга жылдыруусун каалап, аларга бардык колдоолорун көрсөтө тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар