Түркияда Covid-19

Акыркы 24 саатта вирустан 211 киши көз жумду.

1616038
Түркияда Covid-19

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 211 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 32 миң 667 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 271 миң 547 тест жасалып, 2003 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 49 миң 584 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 28 миң 498 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 3 миллион 159 миң 475ке жогорулады.



Тектеш кабарлар