Президент Эрдоган Европа Биримдиги делегациясын кабыл алды

Президенттик комплексте өткөн жолугушууда Түркия  -  Европа Биримдиги карым  - катнаштарынын бардык тарабы талкууланды.

1615869
Президент Эрдоган Европа Биримдиги делегациясын кабыл алды

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель : «Европа Биримдиги Түркия менен экономикалык кызматташуу, миграция жана элдер арасындагы байланышты жакшыртуу  үчүн так күн тартибин сунуштоого даяр»,- деди.

Президент Р. Т. Эрдоган  Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель менен Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайенди кабыл алды.

Президенттик комплексте өткөн жолугушуу 2 саат 45 минутага созулду.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель  жолугушуудан кийин Европа Биримдигинин Түркия делегациясында биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

Мишель Эрдоган менен жолугушуу тууралуу буларды айтты : «Европа Биримдиги (Түркия менен) экономикалык кызматташуу, миграция жана элдердин арасындагы байланыштарды жакшыртуу үчүн так күн тартип сунуштоого даяр. Европа Биримдигинин стратегиялык кызыкчылыгы, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде коопсуздук жана туруктуулук боюнча Түркия менен пайдалуу жана алгылыктуу мамиледе».

Фон дер Лайен болсо : «Түркия негизинен конструктивдүү жол менен мамиле курууну каалагандыгын көрсөттү. Биз да Түркия менен карым  - катнаштарыбызды  күчтөндүрүү үчүн келдик. Эки тарап тең  пайда алып келе турган кызматташуу тармактары тууралуу сүйлөштүк»,- деди.

Эрдоган менен жолугушууда төрт багыттын талкуулангандыгын белгилеген фон дер Лайен экономикалык карым-катнаштарды өркүндөтүү керектигин белгилеп : «Түркия Бажы Биримдигинин алкагында өтө маанилүү өнөктөш. Сооданы дагы да арттыруу үчүн  Бажы Биримдигинин  ишке ашырылышына байланыштуу учурдагы кыйынчылыктарды карап чыгып  жаңыртууга аракет кылабыз»,- деди.  

Түркия менен Бажы Биримдиги келишиминин окшошу болбогон эмгек  экендигин баса белгилеген фон дер Лейен : «Бажы Биримдигин гана жаңылоону эмес, мамлекеттик-жеке сектор кызматташтыгын мындан ары дагы бекемдөөнүн жолдорун издейбиз. Муну аткарып жатып биздин негизги   көңүл бурган жерибиз  жашыл жана санариптик трансформация болот»,- деди.



Тектеш кабарлар