Министр Гүл түндүк македониялык кесиптеши менен жолугушту

Министрликте өткөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сот мамилелери талкууланды.

1615817
Министр Гүл түндүк македониялык кесиптеши менен жолугушту

Адилет министри Абдулхамит Гүл Түндүк Македониянын адилет министри Боян Маричич жана аны коштогон делегация менен жолугушту.

Адилет министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министрликте өткөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сот мамилелери талкууланды.

Жолугушууда, жакында кабыл алынган мыйзам жана адам укуктары жаатындагы реформаларга токтолгон министр Гүл, Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТӨ) менен күрөшүү баш болгон Түркиянын терроризмге каршы күрөштөгү кызматташтыкка берген маанисин баса белгиледи.

Түндүк Македониянын адилет министри Боян Маричич да: «Түркиянын терроризмге каршы күрөшүн бардык тармактарда колдойбуз жана кызматташууга даярбыз», деди.

Маричич, өлкөсүндөгү сот системасына байланыштуу абалды түшүндүрүп, сот тутумун санариптештирүүгө карата Түркияда ташталган кадамдарга тыкыр байкоо салып жаткандарын айтты.

Адилет министри Гүл болсо Түндүк Македонияга санариптештирүүдө жана судьяларды окутууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.



Тектеш кабарлар