ЕБнин делегациясы бүгүн Түркияга келет
Бул тууралуу Президенттиктин Комминикация башкармалыгы маалымат берди.
Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Комиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен, президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча бүгүн Түркияга иш сапары менен келет.
Президенттиктин Комминикация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, сапар учурунда боло турган сүйлөшүүлөрүндө Түркия менен Европа Биримдигинин кызматташтыктары бардык өңүттөн каралып чыгып, Биримдик менен кызматташтыктын кошулуу перспективаларынын негизинде жана курулууга аракет кылынган оң күн тартибинин алкагында өнүктүрүлүшү үчүн таштала турган кадамдарды иштеп чыгуу талкууланат.
Иш сапардын жүрүшүндө, ошондой эле учурдагы регионалдык жана эл аралык абалдар боюнча пикир алмашуу болот.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.