Эрдоган Косовонун жаңы шайланган президенти менен сүйлөштү

Президенттиктин Комминикация башкармалыгынын    билдирүүсүнө ылайык, Түркия-Косово карым-катнаштары жана аймактык маселелер талкууланды.

1615329
Эрдоган Косовонун жаңы шайланган президенти менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Косовонун президенти болуп шайланган Вжоса Османи-Садриу менен телефон аркылуу байланышып, куттуктоосун айтты.

Президенттиктин Комминикация башкармалыгынын    билдирүүсүнө ылайык, Түркия-Косово карым-катнаштары жана аймактык маселелер талкууланды.

Эрдоган Вжоса Османи-Садриуну Косовонун президенти болуп шайланышы менен куттуктады.

Косовонун көп маданияттуу түзүлүшүнүн ажырагыс бөлүгү болгон түрк коомчулугунун жаңы өкмөттүн курулушу жана Президенттик шайлоо процесстери мезгилиндеги конструктивдүү мамилесине көңүл бурган Эрдоган, эки өлкөнүн тарыхый достугу жана бир туугандык мамилелери жаңы мезгилде бекемделээрине ишенгенин баса белгиледи.

Президент Эрдоган, Косово менен Түркиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыктын, Балкандагы туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө салым кошоорун айтты.



Тектеш кабарлар