БУУнун баш катчысы Волкан Бозкыр Анкарада

Бозкыр жана аны коштогон делегация Ататүрктүн күмбөзүнө (Республиканын негиздөөчүсү Мустафа Кемал) гүлчамбар коюп, бир мүнөт унчукпай таазим кылды.

1615741
БУУнун баш катчысы Волкан Бозкыр Анкарада

Жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келген Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 75-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкыр Аныткабирге  барды.

Бозкыр жана аны коштогон делегация Ататүрктүн күмбөзүнө (Республиканын негиздөөчүсү Мустафа Кемал) гүлчамбар коюп, бир мүнөт унчукпай таазим кылды.

Мисак-ы Милли мунарасына барып, Аныткабир атайын китебине кол койгон Бозкыр дептерге мындай деп жазган:

«Бириккен Улуттар Уюмунун тарыхында бул милдетти аркалаган биринчи Түркия Республикасынын жараны болуу жана Бириккен Улуттар Уюмунун эң жогорку чечимдерди кабыл алуу органын, айрыкча 75-мааракелик жылында жана татаал пандемиялык шарттарда башкаргандыгым үчүн өзүм, өлкөм жана улутумдун атынан сыкмактанам жана кубанам. Бүгүн Түркиянын желеги БУУнун желеги менен бирге Башкы Ассамблеянын Төрагасынын кеңсесинде орун алган. Сизге жаркын элесиңиздин алдында таазим этем».

Бозкырды Түркияга болгон сапарынын алкыгында президент Режеп Таййип Эрдоган кабыл алат.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушуу өткөрө турган Бозкыр, бул жолугушууларынан кийин Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы жыйынына кайрылуу жасайт.

Бозкыр, ошондой эле 10-апрелде Хатайдын Сириянын түндүк-батыш тарабындагы БУУнун чек арадагы гуманитардык жардам операцияларына барып көрүшү жана убактылуу баш калкалоочу борбордо иликтөөлөрдү жүргүзүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар