Бозкыр: «Мен төрага болуп турганда БУУ эч бир мамлекеттеги аскердик төңкөрүшкө колдоо көрсөтпөйт»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 75-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкыр, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) Жалпы жыйынында эл өкүлдөрүнө кайрылды.

1616076
Бозкыр: «Мен төрага болуп турганда БУУ эч бир мамлекеттеги аскердик төңкөрүшкө колдоо көрсөтпөйт»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 75-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкыр, төрага болуп турганда БУУ катары эч бир мамлекеттеги аскердик төңкөрүшкө колдоо көрсөтүлбөй тургандыгын айтты.

Бозкыр, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) Жалпы жыйынында эл өкүлдөрүнө кайрылды.

Бүгүнкү күндө акыркы эң ири гуманитардык кризистин 10 жылдан бери Түркиянын жанындагы Сирияда болуп жатканын белгилеген Бозкыр, бул маселени Башкы Ассамблеянын күн тартибинде дайыма кармоого аракет кылгандыгын түшүндүрдү.

1-февралда Мьянмада болгон аскердик төңкөрүшкө токтолгон Бозкыр: «Менин да, БУУнун Башкы катчысынын да (Антонио Гутерриш) жана Коопсуздук Кеңешинин дагы катуу билдирүүлөрү менен  айтылды жана буга байланыштуу мен БУУнун Башкы Ассамблеясын чакырып, аскердик төңкөрүштү айыптоого жана ал жерде шайланган премьер-министр жана лидердин кармалышын тезинен токтотууга чакырык салдык»,-деди.

Бозкыр: «БУУ катары мен сизди ишендире алам, мен төрага болуп турганымда бир дагы мамлекетте болгон аскердик төңкөрүш колдоо таппайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар