Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 193 киши көз жумду.

1615259
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 193 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 32 миң 456 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 245 миң 496 тест жасалып, 1706 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 42 миң 551 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 25 миң 627 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 3 миллион 130 миң 977ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар