Түркия Иорданияда айрым адамдардын камакка алынышына тынчсызданганын билдирди

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1614388
Түркия Иорданияда айрым адамдардын камакка алынышына тынчсызданганын билдирди

Түркия, Иорданияда өлкөнүн туруктуулугуна коркунуч жаратууда деген жүйө менен кээ бир адамдардын камакка алынышынын негизинде болуп жаткан окуяларды тынчсыздануу менен байкаганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Биз Жакынкы Чыгышта тынчтыкты түзүүнүн негизги өлкөсү Иорданиянын туруктуулугун жана тынчтыгын Түркиянын тынчтык жана туруктуулугунан айырмалап карабайбыз»,делди.

Падыша II. Абдуллахтын жана Иордания өкмөтү менен дос жана боордош Иордания элинин тынчтыгы, гүлдөп-өсүшү жана жыргалчылыгы үчүн күчтүү колдоо баса белгиленген билдирүүдө, «Биз Иорданияда өлкөнүн туруктуулугуна коркунуч жаратууда деген жүйө менен кээ бир адамдардын камакка алынышынын негизинде болуп жаткан окуяларды тынчсыздануу менен байкап жатабыз»,деген сөздөр камтылган.



Тектеш кабарлар