Түркия Малиде болгон кол салууну айыптады

Малинин түндүгүндөгү Кидал аймагындагы MINUSMA Aguelhok базасына жасалган террордук кол салууда 4 тынчтык күчү аскеринин каза болгондугу жана 20 кишинин жаралангандыгы билдирилди.

1613852
Түркия Малиде болгон кол салууну айыптады

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун Малидеги Көп Өлчөмдүү Интеграцияланган Стабилдештирүү Миссиясы MINUSMAга жасалган кол салууда 4 аскердин каза болушуна, 20 кишинин да жараланышына себеп болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Малинин түндүгүндөгү Кидал аймагындагы MINUSMA Aguelhok базасына жасалган террордук кол салууда MINUSMAда кызмат кылган 4 тынчтык күчү аскеринин каза болгондугу жана 20 кишинин жаралангандыгы билдирилди.

Түркиянын дос жана боордош Малиде тынчтык жана туруктуулуктун сакталышына маани бергендиги билдирилген маалыматта : «Бул террордук кыймылын катуу айыптап, каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, кол салууда жаралангандардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп белгиленди.



Тектеш кабарлар