Октай президент Базумдун ант берүү аземине катышты

Октай, президент Режеп Тайип Эрдогандын жана түрк улутунун чын жүрөктөн чыккан каалоолорун президент Базумга билдирди.

1613912
Октай президент Базумдун ант берүү аземине катышты

Вице-президент Фуат Октай, Нигердин жаңы президенти Мохамед Базумдун ант берүү аземине катышты.

Аземден кийин президент Базум менен жолугушкан Октай, жаңы мезгилде Түркия менен Нигердин ортосундагы учурдагы кызматташтык тармактарынын кеңейтилип күчтөндүрүлүшү темасында кеңешүүлөрдү өткөрдү.

Андан соң Судан Эгемендүүлүк Кеңешинин төрагасынын орун басары генерал Мохаммед Хамдан Дагало менен жолугушкан Октай, Ливиянын Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Халид Эл-Мешри менен да кезикти. 

Октай, президент Режеп Тайип Эрдогандын жана түрк улутунун чын жүрөктөн чыккан каалоолорун президент Базумга билдирди.



Тектеш кабарлар