Ибрахим Калын террордук уюмга каршылык көрсөттү
Калын Твиттерден билдирүү жасады.
1614014
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, террордук уюм ЙПГ/ПККнын Сириянын Хасеке районунда бир айдын ичинде 2700 жаш уланды уурдап кетип күч менен куралдандыруусуна каршылык көрсөттү.
Калын Твиттердеги билдирүүсүндө, террордук уюм ЙПГ/ПККнын Хасекеде март айында 2700 жаш уланды барымтага алгандыгын жана жаштарды күч менен жалдаганын айтты.
Калын: «Сирияда Батыштын ПККны идеалдаштыруусу жетиштүү болду. Колдоочулары бир нерсе айтышабы? Кыязы, дагы унчугушпайт», деп жазды.