Деңизде 231 мыйзамсыз мигрант куткарылды

Түркиянын Жээк коопсуздугунун элементтери 231 мыйзамсыз мигрантты куткарып, коопсуз аймакка жеткиришти.

1613878
Деңизде 231 мыйзамсыз мигрант куткарылды

Греция тарабынан Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн 231 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

Измир, Балыкесир жана Чанаккале жээктеринде түрк аймактык сууларына сүрүлгөн иммигранттардын кемелерине кийлигишилди.

Жээк коопсуздугу командирлигинин билдирүүсүнө караганда, Грециянын жээк коопсуздугу элементтери тарабынан Түркия убактысы боюнча саат 03:30да башталган жана саат 12.33тө аяктаган 7 башка артка кайтаруу окуясы болду.

Аймакка жөнөтүлгөн Түркиянын Жээк коопсуздугунун элементтери 231 мыйзамсыз мигрантты куткарып, коопсуз аймакка жеткиришти.

Куткарылган иммигранттар Түркиянын Жээк күзөт кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.



Тектеш кабарлар