Түркиядан аракандык мусулмандарга жардам берилди

Медициналык каражаттар, чатыр, 50 орундуу оорукана шаймандарын ташыган учак саламаттык сактоо министрлигинен 13 кызматкер менен Бангладешке учту.

1613173
Түркиядан аракандык мусулмандарга жардам берилди

Бангладеште аракандык мусулман качкындар жашаган лагердеги өрттө зыян тарткан түрк көчмө ооруканасынын кайрадан кызматка кириши үчүн даярдалган жардам каражаттарын ташыган аскердик жүк ташуучу учак борбор шаар Анкарадан учту.

Президент Р. Т. Эрдогандын жолдомосу менен аймакка жардам жеткирүү үчүн иштер баштатылган.

Ушул алкакта медициналык каражаттар менен өрттөн зыян тарткан түрк көчмө ооруканасынын кайрадан кызматка ачылышы үчүн даярдалган «оор климаттык типтеги көчмө оорукана» Этимесгут аскердик аэропортунда А400М тибиндеги аскердик жүк ташуучу учакка жүктөлдү.

Медициналык каражаттар, чатыр, 50 орундуу оорукана шаймандарын ташыган учак саламаттык сактоо министрлигинен 13 кызматкер менен Этимесгут аскердик аэропорттон Бангладешке учту.

Өткөн жумада аракандык мусулман качкындар жашаган лагерде өрт чыгып 28 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар