Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары АКШ армиясына сабак болууда

Foreign Policy журналында бул тууралуу макала жарыяланды.

1612827
Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары АКШ армиясына сабак болууда

Түркия өнүктүргөн Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппаратынын (КУУA) ийгилиги жана өлкөлөрдү согуш тактикасын өзгөртүүгө багыттоосунун Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясын дагы бул багытта жаңы изденүүлөргө түрткү болгону билдирди.

Foreign Policy журналында жарыяланган макалада Тоолуу Карабахтагы учкучсуз учактар ​​Армениянын абадан коргонуу тутумдарын жана оор брондолгон аскердик техникаларын натыйжасыз кылгандыгы, ошондуктан өнүккөн өлкөлөр иштебей калган согуш тактикасын өзгөртүүгө аргасыз болгону айтылган.

Макалада айтылган АКШнын армиясынын асимметриялык согуш тобунун мурунку төрагасы, полковник Скотт Шоу, дрондордун барган сайын «абадагы танктар» сыяктуу көрүнөрүн белгилеп, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар үчүн: «Кыйраткыч муштумдар, учкан зооттолгон жаныбарлардын кыйрытылышы кыйындаган сайын, жердеги аскерлердин өлтүрүлүшү потенциалдуу түрдө жеңилдейт жана согуш талаасын көзөмөлдөө дагы арзандайт»,деген серебин салды.

Тоолуу Карабах согушунун (сентябрь айында) бир нече саатка созулган кадрларын карап чыккандан кийин АКШ армиясынын тийиштүү бөлүктөрүнө сабак берүүсүн улантканын айткан Шоу: «Бул абал, АКШ стилиндеги маневр согушу үчүн жаңы кыйынчылыктарды жаратат»,- деди.



Тектеш кабарлар