Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн мыйзамсыз мигранттар

37 мыйзамсыз мигрант жээкке чыгарылды.

1612522
Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн мыйзамсыз мигранттар

Измирдин Чешме районунда грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн 37 мыйзамсыз мигрант жээкке чыгарылды.

Жээк коопсуздугу командирлигинин билдирүүсүнө караганда, Чешменин жээктеринде 2 кайыкта мыйзамсыз мигранттардын бар экендиги жөнүндөгү маалымат боюнча Жээк коопсуздугу кемеси аймакка багытталды.

Жээк коопсуздугу тобу тарабынан куткарылган 37 мыйзамсыз мигранттын грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөндүгү аныкталды.

Мыйзамсыз мигранттар текшерүүдөн өткөндөн кийин Облустук иммиграция башкармалыгына жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар