Фахреттин Кожа ДССУнун медиа брифингине катышат
Брифинг бүгүн (Түркия убактысы боюнча) кечки саат 6дан 19:00гө чейин өткөрүлөт.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) тарабынан уюштурулуп, мезгил-мезгили менен коомчулукка маалымат берип туруучу медиа брифингге катышат.
Кожа ДССУнун башкы директору др.Тедрос Аданом Гебреисусту коштой турган жыйында, коронавирустун (Ковид-19) саламаттык сактоо кызматкерлерине тийгизген таасирлери, аларды коргоого карата ташталган кадамдар жана Түркиядагы саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмделишиндеги акыркы абал тууралуу көз караш жана баа берүүлөрүн эл аралык коомчулук менен бөлүшөт.
Ковид-19 мезгилинде БУУнун саламаттык сактоо жаатында адистешкен жалгыз уюму ДССУ тарабынан эл аралык коомчулукка берилген учурдагы маалымат жана баа берүүлөр чоң мааниге ээ болду.
ДССУнун башкы директорун мезгил-мезгили менен бул медиа брифингдерде Ковид-19га каршы күрөштө маанилүү ролду ойногон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, саясатчылар жана саламаттык сактоонун дүйнөлүк лидерлери коштоодо. Бул жумадагы брифингде 2021-жылды "Эл аралык саламаттык сактоо кызматкерлеринин жылы" деп жарыялаган жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин зор эмгектерин күн тартибине койгон Фахреттин Кожа болот.
Кожанын чакырылышында Түркиянын ийгиликтүү Ковид-19 күрөшү, глобалдык лидерлиги жана саламаттык сактоо кызматкерлерине болгон мамилеси таасирдүү болду.
Брифинг бүгүн (Түркия убактысы боюнча) кечки саат 6дан 19:00гө чейин өткөрүлөт.
Түз эфирди ДССУнун "Ковид-19 веб-сайтынан" жана социалдык тармактардагы аккаунттарынан көрүүгө болот.
Тектеш кабарлар
Анзак булуңунда таңкы сыйынуу
Австралия жана Жаңы Зеландиядан Түркияга келген миңдеген киши азем аянтында таң атырды.