Акар АКШнын коргоо министри менен сүйлөшүү өткөрдү

Эки министр телефон аркылуу сүйлөштү.

1613100
Акар АКШнын коргоо министри менен сүйлөшүү өткөрдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Акардын Остин менен сүйлөшүүсүндө аймактык коопсуздук жана эки тараптуу коргонуу кызматташтыгы боюнча пикир алмашуу болду.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, эки министрдин стратегиялык мамилелердин маанилүүлүгүн, көйгөйлөрдүн стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын негизинде чечилиши керектигин баса белгилешкени маалымдалды.

Акар менен Остиндин эки өлкөнүн ортосундагы аскердик байланыштарды чыңдоо менен тыгыз кызматташтыкты жана координацияны жактай тургандыктарын ырасташты.



Тектеш кабарлар