Түркияда Covid-19

Акыркы 24 саатта вирустан 155 киши көз жумду.

1611535
Түркияда Covid-19

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 155 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 31 миң 385 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 235 миң 298 тест жасалып, 1376 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 37 миң 303 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 19 миң 925 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 995 миң 33кө жогорулады.



Тектеш кабарлар