Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн 71 качкын куткарылды

Аялдар жана балдар дагы арасында болгон 71 качкын Миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.

1610950
Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн 71 качкын куткарылды

Измирдин Чешме жана Дикили райондорунда Грециянын жээк күзөтчүлөрү тарабынан Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн 71 качкын куткарылды.

Чешме районунун жээктеринде качкындын болгондугу жөнүндөгү маалымат боюнча Жээк коопсуздугу командирлигинин кемеси аймакка багытталды.

Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөндүгү аныкталган резина кайыктагы 28 качкын жээкке чыгарылды.

Грециянын жээк коопсуздук топтору тарабынан мотору чыгарылган резина кайыктагы 24 качкын Дикили районунун Денизкөй жээктеринде куткарылды.

Түркиянын Жээк коопсуздугу командирлигинин топтору ошондой эле Дикилинин жээктеринде 19 качкынды куткарып жээкке чыгарышты.

Аялдар жана балдар дагы арасында болгон 71 качкын Миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.

Кечээ дагы Чанаккале, Балыкесир жана Мугланын жээктеринде грек элементтери тарабынна Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн 144 иммигрант куткарылган болчу.



Тектеш кабарлар