Шырнак жана Сииртте «Эрен-12 Гүлешли» операциясы башталды

Операцияга 1317 кызматкер катышууда.

1611096
Шырнак жана Сииртте «Эрен-12 Гүлешли» операциясы башталды

Шырнак жана Сииртте 1 миң 317 кызматкер катышкан «Эрен-12 Гүлешли» операциясы башталды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жикчил террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен толугу менен алып салуу жана аймактагы террористтерди таасирсиз кылуу максатында Шырнак жана Сииртте «Эрен-12 Гүлешли» операциясы башталды.

Операцияга Шырнактын Жандармерия Аймактык командирлигинин башкаруусунда жандармерия бригадасы, жандармериянын атайын күчтөрү, полициянын атайын тобу жана коопсуздук күзөтчүлөрүнөн 1317 кызматкер, 83 ыкчам топ катышууда.

Бир тараптан, чек аранын тышындагы операциялардын алкагында Сирияда «Евфрат калканы» аймагына кирүүгө аракет кылган эки ПКК/ЙПГ террористи таасирсиз кылынды.



Тектеш кабарлар